8-мартка карата кыздар арасында сынак болуп өттү

Ноокат районундагы Айбашев атындагы орто мектепте 8-9-10-11-класстын кыздары арасында «Жаз периси» кароо-сынагы болуп өттү. Сынакка жалпы 6 кыз катышып, өздөрүнүн таланттарын, чыгармачылык жана жөндөмдүүлүктөрүн сынашты. Сынактын шарты боюнча алты талапка ылайык даярданышты.

Кыздардын таланттарын баалоодо мектеп жамаатынан түзүлгөн үч калыс үчүн баалоо кыйынчылыкка турду. Себеби атаандаштар баары таланттуу кыздар экенин баса белгилешти. Кыздар улуттук тамак-аш жасоодо, ырга , бийге шыктуулуктарын кол өнөрчүлүктөрүн көрсөтө алышты. Ошол эле учурда кыздардын билимин текшерген суроолорго жооп берүүдө арасынан жооп бере албаган кыздар да болду. Сынактын жыйынтыгында 1-орунду 11-класстын окуучусу Туратбек Кызы Жазгүл, 2-орунду 9-класстын окуучусу Жаанбаева Айдана, 3-орунду 10-класстын окуучусу Арзыбек кызы Гүлзат камсыз кылышты. Мектептин уюштуруучу мугалими Арыкова Бурул сынакты уюштуурун максаты кыздар арасында атаандаштыкты жана жөндөмдүүлүгүн арттыруу максатында уюштурулду. Кыздар активдүү катышып, грамоталар менен сыйланышты.

Даярдаган: Алимов Султан