Ноокат районунда китеп окуу сынагы болуп өттү

Ноокат районунун Тажибаев атындагы орто мектептин окуу залында  Нуржигит Кадырбеков тарабынан уюштурулган район боюнча окуучуларга китеп окуу сынагы болуп өттү. Сынак Чыңгыз Айтматовдун «Кыямат», «Жамийла» чыгармалары боюнча болду.

Катышуучуларга чыгармаларды окуп чыгуу үчүн бир ай убакыт берилди. Окуучулардын жашы чектелген жок. Сынак суроо жооп аркылуу болду. Жалпы эки жүздөн ашуун окуучулар катышышты.

Exif_JPEG_420
Exif_JPEG_420

Уюштуруучу Нуржигит Кадырбеков сынактын максаты окуучуларды китеп менен достоштуруу, жана билим деңгээлин жакшыртуу, Чыңгыз Айтматовдун чыгармармалары аркылуу  окуучулардын  китепке болгон кызыгуусун арттыруу.

«Саламатчылык, негизи мектепте окуп жүргөндө эле китепке кызыкчумун «Манас» эпосун «Каныбек» романын кызыгып окуганмын. Биринчи китебим 2002- жылы чыккан. Экинчи китебим 2009-жылы чыккан. Жаштар арасында китеп окууга болгон кызыгуунун төмөндөп бара жаткандыгына байланыштуу ушул иш-чараны уюштурдук, дагы да алдыбызда чоң максаттарыбыз бар. Мисалы, өнүккөн мамлекеттер сыяктуу телефон, авто унаа чыгара албасак да КМШ өлкөлөрүндө китеп окуу боюнча 2019-жылы биринчи орунга чыгаруу башкы максатым.

Сынак 5 саатка созулду. Сынактан тышкары окуучуларга тренинг да болуп өттү.  Жеңүүчүлөр кызыктыруучу сыйлыктар жана китептер менен сыйланышты.

Даярдаган: Жолборс кызы Барчынай