Кулатов айылынын айымдары айыл өкмөт тарабынан сыйланышты

Кулатов айыл өкмөтүндөгү мектептердин директорлорун, бала-бакча башчыларын, көп балалуу энелерди, жана активдүү аялдарды айыл өкмөтүнүн башчысы Нуридин Мадимаров, айылдык кеңештин депутаттары жана айыл башчылар «8-март Аялдардын эл аралык майрамы» менен куттукташты. Иш-чара Бекиев мектептин чоң залында 7-март күнү өткөрүлдү. 

Жалпы жүздөй аял катышты. Маанайларын жогорулатуу максатында Кулатов айылынын «Абшыр-Ата айымдары» элдик фольклордук жамааты 15 аялдан турган топ энелерге ыр бийлерди тартуулап көңүлдөрүн көтөрүштү. Кызмат ордунда мыкты ийгилик жараткан айымдарга Айыл өкмөтү тарабынан «Ардак грамоталар», «Грамоталар» тапшырылды. Тилебалды Айбашев атындагы орто мектептин директору Нурдинова Замира иш-чаранын уюштурулушуна жогорку баасын берип, айыл-өкмөт башчысы Нуридин Мадимаровко терең ыраазычылык билдирди.

Даярдаган: Жалалова Таңнуру