Ак-Чал айылында жаз майрамдарына арналган сүрөт көргөзмө болуп өттү

Тилебалды Айбашев атындагы орто мектептин  7-класстар арасында жаз майрамдарына арналган сүрөт көргөзмө 9-март күнү болуп өттү. Сүрөт көргөзмөнү сүрөт мугалими Дарбишова Айлар уюштурду. Көргөзмөгө 6 эң мыкты сүрөт тартууга шыгы бар, кагаздан кездемеден кооз буюмдарды жасай алган кыздар жана балдар катыша алышты. 5-6-класстын окуучулары тарткан сүрөттөрү да көргөзмөгө коюлуп, бааланды.

Андан сырткары, окуучулар кагаздан түрдүү нерселерди ошол жерде жасап,  чыгармачылыктарын көрсөтө алышты. Бул иш-чараны уюштуруунун максаты балдардын искусствого болгон кызыгуусун, сүрөт тартуу жөндөмдүүлүктөрүн жакшыртуу үчүн атайын уюштурулду. Сүрөт көргөзмөгө мектептин мугалимдери жана көрүүчү окуучулар да катыша алышты. Окуучулардын билимге, искусствого, маданий иш-чараларга активдүүлүгүн арттыруу үчүн мыкты сүрөтчүлөргө грамота, дипломдор менен мектеп жамааты сыйлады. 7-класстын окуучусу Мурзабекова Айзирек 1-орун, Сулайман кызы Забура, Шарапов Рамис 3-орунду ээледи. Мектеп директору чыгармачылык каалап, грамоталарын тапшырды.

Даярдаган: Жалалова Таңнуру