Эл ичиндеги мыкты кыздар

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кеңеш айыл өкмөтүнүн Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов атындагы орто мектебинде «Мыкты кыз» сынагы болуп өттү.

Сынакка 9-10-11-класстын окуучу кыздары катышышты. 11-классынан Гулиза Аматжанова жана Элиза Улукбек кызы, 10-классынан Нурнуска Нурсейит кызы жана Мээрим Масаипова, 9-классынан Айгүл Арапова, Болдукыз Салиева, Шакира Каныбек кызы жана Албина Куттубек кызы катышышты. Сынактын программасы боюнча катышуучулар саламдашуу, ыр ырдоо, бий, салат жасоо, клип аткарып жана суроолорго жооп беришти.

Калыстардын чечими менен 1-орунга 11-класстар, 2-орунга 10-класстар, 3-4-орунга 9-класстар болушушту. Кыздар өздөрүнүн тайманбастыгын,  күчтүүлүгүн, өнөрлөрүн көрсөтүшүп мактоо баракчаларын алышты.

Катышуучу Мээрим Масаипованын айтымында: «Бизге сынак аябай жакты, баарыбыз өз күчүбүз менен даярдандык. Күчтүү жеңет демекчи атаандаш кыздардын баары, аябай мыкты кыздар экен. Кыргызстандагы баардык аял затынын майрамы менен куттуктайм»- деп билдирди Масаипова.

Уюштуруучу Айжамал Абдыкеримованын айтымында: «Мыкты кыз- сынагы ойдогудай өттү, катышуучу кыздардан сырткары каалоочулар ырдап, бийлеп беришти, андан сырткары оюндарды өткөрдүк, ата-энелер да келип катышып кетишишти, сынак баарына жакты деген ойдомун, эң мыкты деңгээлде өттү. Жалпы аялдардын эл аралык 8-март майрамы менен куттуктайм»- деп билдирди Абдыкеримова.

Даярдаган: Айжибек Насиркул кызы