Мугалимдер аралык волейбол оюну болуп өттү

Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Бейшеналиев атындагы орто мектебинде мугалимдер арасында 8-март «Аялдардын эл аралык майрамына» карата волейбол оюну болуп өттү.

Оюнга 6 команда катышты. Жыйынтыгында 3-орунду Калый Молдобасанов, 2-орунду Бейшеналиев, 1-орунду Жоробек Сатылганов мектеби камсыздады. Бейшеналиев атындагы орто мектебинин мугалими Гүлжаз Капарбекова оюн абдан кызыктуу өткөндүгүн айтты.

Даярдаган: Муктарова Аймырза