Сумбулада «Жылдын мыкты мугалими» аттуу конкурс өткөрүлдү

Сумбула айыл өкмөтүнө караштуу Манас атындагы орто мектебинде «Жылдын мыкты мугалими» аттуу зоналдык конкурс өткөрүлүп, жыйынтыгында Манас атындагы орто мектебинин мугалими жеңүүчү болду.Бул тууралуу Манас атындагы орто мектебинин тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары Асия Сулайманованын билдиришинде конкурска 6 мектептин мугалимдери катышкан. Жыйынтыгында, аталган мектептин мугалими Сабира Марипова жеңишке жетип, райондук турга жолдомо алды.Даярдаган: Данияр Исакбаев