Менталдык арифметика боюнча олимпиада болуп өттү

Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Бейшеналиев атындагы орто мектебинде менталдык арифметика боюнча облустук деңгээлде олимпиада өткөрүлдү.

Аталган мектептин менталдык арифметикадан сабак берген мугалим Макелеева Нургүлдүн айтуусунда жогоруда аталган олимпиада Нарын облусу боюнча биринчи ирет өткөрүлгөн. Сынакка 140 бала катышып, 1-орунга 38, 2-орунга 52, 3-орунга 50 окуучу татыктуу болгон. Орун алган катышуучулар Бишкек шаарында 5-майда өткөрүлө турган республикалык деңгээлдеги олимпиада ат салышат. Ал эми республикалык олимпиададан 1-орунду алган окуучулар Малайзияда Азия мамлекеттеринин арасында өткөрүлө турган олимпиадага жолдомо алышат.

Даярдаган: Муктарова Аймырза