Кулатов айыл өкмөтүндө 5-март «Ак калпак» күнү белгиленди

Төрөбай Кулатов айыл өкмөтүнүн алдында «5-март Ак калпак» күнүнө карата чоң иш-чара болуп өттү. Иш-чарага айыл өкмөттүн  башчысы Нуридин Мадимаров баш болгон айыл өкмөттүн кызматкерлери жана жергиликтүү кеңештин депутаттары, айыл башчылары катышышты. Андан сырткары Тилебалды Айбашев атындагы орто мектептин мугалимдери, окуучулары, Камал Надиров атындагы орто мектептин мугалимдери жана окуучулары лозынгдар менен жүрүш уюштуруп, айыл өкмөттүн жанындагы иш-чарага катышышты.»3-март Желек күнүн» кошо белгилешти.

 

Иш-чарада айыл башчы Мадимаров сөз сүйлөп, иш-чаранын катышуучуларын кызуу куттуктап, жагымдуу маанай каалады. Катышкан мектеп окуучулары даярдап барган концерттик программасын тартуулашты. Окуучулар ыр бийлерин,  улуттун сыймыгы болгон калпак тууралуу ырларын көркөм айтышты.Нуридин Мадимаров сөзгө тартканда  «Иш чараны уюштуруунун негизги максаты улутубуздун сыймыгы болгон ак калпакты даңазалоо.Балдарды эли-жерин сүйүүгө, патриоттуулукка тарбиялоо жана жагымдуу маанай тартуулоо максатында уюштурдук. Бул иш-чара алты жылдан бери белгиленип жатат. Мындан ары да «Ак калпак» күнүн жылына белгилеп турабыз» деп оюн билдирди.

Даярдаган: Жалалова Таңнуру