Тарыхый Кан-Дɵбɵ шаар чалдыбары

Ысык-Кɵл областынын Тоӊ районунун Туура-Суу айылынын тарыхый мурас эстелиги болуп Кан-Дɵбɵ чалдыбары эсептелет. Бул шаар чалдыбар болжол менен 12-13- кылымдарга таандык. Чалдыбар-бул орто кылымдагы шаар калдыктары.

Бул тууралуу айылдын аксакалы Бактыбек Шерманбетовго кайрылганыбызда тɵмɵндɵгүлɵрдү айтып берди: «Бул Кан Дɵбɵ 12-13-кылымда курулган  тарыхый шаар экен. Кан-Дɵбɵнү курдурдурган ɵзунчɵ бир хандык болгон. Тегерегинин баардыгына чеп куруп Кан-Дɵбɵнү атайын ордо кылган экен. Кан-Дɵбɵ 12-13 кылымдарда аябай ɵнүккɵн шаар болуп. Бул шаарды кыргыздар жана калмактар биринен талашып согушуп  турушчу. Кыргыздан Табылды деген баатыр чыгып, Кан-Дɵбɵнү биротоло кыргыздарга каратып алган. Ошондон кийин Кан-Дɵбɵ 200-300 жыл доор сүрүп аябай кооз онуккон шаар болуп, Кан-Дɵбɵнүн  астында азыркы тил менен айтканда жол болуптур.1990-жылдары тарыхчылар келип казып кɵрүшкɵн. Бирок кандайдыр бир себептерден улам ал изилдɵɵ токтолуп калып. Азыркы учурда кайра изилденип жатат. Кан-Дɵбɵдɵ илгерки карапа, идиштер, найза, кылыч, карапалар азыркыга чейин табылууда. Эн кооз деген  балбал таштар да ошол жерден табылган.Бул таштардын жазалганына таӊ каласын. Кан-Дɵбɵ  ошол мезгилде кол ɵнɵрчүлүгү ɵнүккɵн шаар болуптур. Мындай балбал таштар Орто Азия боюнча бизде гана бар деп ойлойм»,-деген жообун узатты.

Жергиликтүү жашоочу Үмүт Маамытова  Кан-Дɵбɵ чалдыбары жɵнүндɵ тɵмɵнкү уламышты айтып берди: «Мурун бул жерде Эр Эшим деген хан жашаптыр.Ал Түгɵл деген байдын Шарпкула деген атына кызыгып сурап алып минет.Эр Эшим ал атты 3 жыл минбей чаппай коюп коет.Шарпкула аябай мыкты буудан ат болуп чыгат.Андан кийин Эр Эшим элине мурда кол салып жургɵн калмактарга каршы аттанат.Алардан олжо алыш үчүн жортуулга чыгат.Коӊшу  айылда Катагандын элин башкарган хан Хантурсундан 1000 киши алып жана ɵзүнүн элин тапшырып ɵзү жортуулга жɵнɵйт.Эр Эшим 3 жылдай  калмактарды басып алып олжого тоюп. 3 жыл ошол жерде жашап калат. Кийинчерээк элин билип келейин деп  катаган элинен алган 1000 кишиге олжосун бɵлүп берип. Сырын айтпай ɵзүнүн 1000 кишисине да олжосунан бɵлүп берип кеӊешип .Мен алдыга бара берейин силер артыман келгиле деп. Шарпкула атын минип жолго чыгат.Олуя-Атага келип андан ары Күнгɵйгɵ келип андан Тоӊго келип сураштырып.Хантурсун элин басып алып ар кайсы жерге таратып ɵзү болсо Тоӊдо туруп калганын угат.Ошол жерге Хантурсун ордо куруп.Ал жердин ичине суу киргизип алып жашап жатышкан экен.Ал сууну Тоӊдун суусунан казып келип киргизип алышыптыр.Бир күнү бир аял короо кайтарып отуруп ырдап жатканынын угушат.Ал аял биздин кыз суу алган биздин кыз кой кайтарган биздин кыз козу салган биздин Эр Эшим келип калса силердин кыз биздин кыздай болуп калаар бекен деп ырдап жаткан болот.Кɵрсɵ ал Эр Эшимдин токолу болчу экен.Эр Эшим муну угуп артында калган аскерлерин Хантурсундун аскерлерин алып келе жаатып ɵз аскерлерине байлап салгыла деп буйрук берип.Аларды байлаттырып салат. Ошол жерге таштап. Аскерлеринин үстүнɵ чапандарды жаап ɵзү болсо кербендердей болуп. Хантурсундун ордосуна келишет.Караӊгы кирип кетти бизди киргизип койгула. Биз Анжиянга бара жаткан кербен элек салыгын тɵлɵп беребиз деп атып ордого киришет.Ордого киргенден кийин Эр Эшим жигиттерин бошотуп 3 күн салгылашып жатып ордону талкалашат.Анан ɵзүнүн аялына эгер бизге кɵӊүлү бар болсо  бизге кайсы жактан суу келет экенин сурайт.Аялы айтып берген соӊ.Эр Эшим Тоӊдун суусуна барып чапанын  сууга таштайт суунун казылган жери айланып ошол жерге чапаны чɵгүп кетет.Ошол жерди чым,таштар менен бүтɵшɵт. Ошентип ордого суу барбай калат да.Ордодон чыккан элди Эр Эшим четинен атып ɵлтүрɵт.Ошентип Хантурсун ɵлɵт да кыргыздар боштондука чыгат» -деген уламышы бар экендигин билдирди.

Кан-Дɵбɵ чалдыбарын сактап калууда кандай иш-аракеттер жүрүп жаткандыгы жɵнүдɵ тарых мугалими Жусуп Мамытов маалымат берди

«Кан-Дɵбɵ тарыхый маданий эстелик шаарын сактап калууда кɵптɵгɵн аракеттерди жүргүзүп жатабыз. Мисалы карасак, мурда Кан-Дɵбɵ изилденип «Археологские памятники при Иссык-Куля» деген китеп чыккан. Бул китепте Кан-Дɵбɵнүн тарыхы жана ошондой эле Кан-Дɵбɵ жɵнүндɵ маалыматтар жазылган.Кан-Дɵбɵнү ɵнүктүрүү үчүн ар кандай китепчелерди жана тарых музейин ачтык. Ал музейде Кан-Дɵбɵдɵ табылган ар кандай буюмдар бар.

Иш-аракеттерден биз трейнингдерди ɵткɵзүп атабыз.Ошону менен бирге былтыр фестиваль ɵттү.Ал фестивалда Кан-Дɵбɵнүн бизге кандай баалулуугу бар экендигин  билдик.Жана  окуучулар Кан-Дɵбɵдɵ кандай буюмдар бар экендигин билиш үчүн Кан-Дɵбɵдɵгү буюмдарды музейге алып келдик», -дейт тарых мугалими.

Даярдагандар: Жумагулова Кантай, Эрмек кызы Бегайым, Кадыров Актан