Эл саламаттыгына ɵмүрүн арнаган ак халатчан

116

Адамдын эң негизги куралы болгон бул көз. Көз адамдарга бардык мүмкүнчүлүктөрдү берет. Бекеринен элибизде “Көздүн карегиндей сакта” деп айтылбаса керек. Бул сөз менен эле биз жашообузда көздүн маанилүүлүгүн туйсак болот. Ал эми ошол биздин көзүбүзгө кам көрүүнү үйрөтүп, керектүү жерден дарылап турган медицина кызматкерлери. Бул жолу  медицина илимдеринин доктору, саламаттыкты сактоонун мыктысы Айгүл Ибраимова жɵнүндɵ сɵз болот.

Медицинаны адамдар үчүн эң пайдалуу искусство деп айтсак жарашат. Ушундай ары түйшүктүү, ары татаал кесипти аркалап, канча адамдын ден соолугун сактап алардын ак батасын алып келе жаткан Айгүл  Ибраимова. Ал, “Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин” -деген сөздү туу тутуп, ар бир адам бул жашоого из калтыруу үчүн кандайдыр бир асыл эмгек жасашы абзелдигин белгилеп келет. Дарыгер жетекчилик кызматы менен чектелбестен, күнүнө бир нече операцияларды ийгиликтүү өткөрөт.

Коомдун саламаттыгын ойлоп, күн сайын алардын ден-соолугу үчүн алп урушуп келген каарманыбыздын өмүр таржымалына кайрылсак. Айгүл Ибраимова 1969-жылы 26-январда жарык дүйнөгө келген. Ал 1986-жылы мектепти аяктап, ошол эле жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтуна окууга кирген. Окуу жайдын дарылоо факультетин ийгиликтүү аяктаган соң, борбор калаадагы №1- бейтапканада көз доктур болуп алгачкы эмгек жолун баштаган. 1996-жылы аталган ооруканада иштеп жүрүп, 2011-жылы ошол эле жерде бөлүм башчылыкка дайындалган. Учурда Бишкектеги травмотология жана ортопедия илим изилдөө борборунда көз дарылоо бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенүүдɵ.

Медицина илимдеринин кандидаты Айгүл Ибраимова ар күнүн бейтаптарды дарылап, убактысын операция үстүндө өткөрөт.  Ал эми бош убагында илимин тереңдетүү максатында ар түркүн китептерди окуй турганын айтат.

Үй — бүлɵдɵ буга чейин медицина менен алектенгендер жок болчу. Бирок мен ушул  тармакты  тандап, врач болом деген тилегим ишке ашты. Мени окуткан устаттарым «Мыкты врач, айрыкча хирург болуу ар кимдин колунан келе бербейт. Жараткандын шыпаасы, энчилеген керемет күчү болбосо мыкты хирург болуу оңой эмес, түшкө кирбес нерсе»,-дешчү эле. Ушул сɵз ар дайым кулагымда болгондуктан улам- улам билимимди жанылап, жогоруда айтылган сɵзгɵ татыктуу жетүүнү эңсеп келем.

Дарыгердин дартымдан айыксам деген ниет менен келгендерге колдоо көрсөтсөм деген ою күч. Ар бир бейтапка жардам берүүгө аракет кылат. Бир жуманын ичинде 14-15 ке жакын операцияны ишке ашырат. Мээнеткеч айымдын колунан шыпаа тапкан Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айылынын тургуну Аскер Мамбетов буларга токтолду: «Менин кɵзүмдүн Катаракта деген диагнозу бар. Негизи мындан үч жыл мурун эле операция жасалыш керек эле. Бирок, ар кандай себептерден улам ушул кезге созулуп кетти. Быйыл кɵрүүм такыр начарлап кеткендиктен кайда барсам деп издендип анан Айгүл Ибраимовага келгем. Азыр кудайга шүгүр! Колу жеңил экен. Операция мен ойлогондон да жеңил ɵттү. Ийгиликтүү болду. Бул үчүн ыраазымын. Колу дарт кɵрбɵсүн».

Жумушунун кɵптүгүнɵ карабастан дарыгер үй-бүлөсүнө ар дайым убакыт табат. Өмүрлүк жолдошу Арслан Качкынов да медицина кызматкери. Балдары Сырга менен  Адилет эрезеге жеткен кези. Уулу Адилет: «Апам ɵз кесибин мыкты жан дили менен берилип аткарат, убактысы ченелүү. Бирок, ошого карабастан бизге татыктуу тарбия берип, эрезеге жеткирди. Апабыз менен сыймыктанабыз», -дейт.

Профессионалдык жетишкендиктерин белгилей кетсек, Жогорку категориядагы врач-офтальмолог, Саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери, Шаардык кеңештин Ардак грамотасынын ээси, Доценттин милдетин аткаруучусу, Профсоюздун ардак грамотасынын ээси, Медицина илимдеринин доктору, академиялык даражасынын үстүнөн иштөөдө, Саламаттыкты сактоонун мыктысы.

Даярдаган: Айдай Джолчубекова