Айылдагы күнөскана жемиштерин берип жатат

Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Туура-Суу 1айылында күнөскана ачылганына аз убакыт болду. Күнөскана мектептин аянтында жайгашып, мектеп жетекчилигини астында иш алып барат. Учурда күнөсканада жемиштер бышып, сатылып баштады.

 

Бул тууралуу күнөскананын жумушчусу Кубан Замирбеков айтып берди:

«Жаңыдан кунөскана ачылып, жаңыдан иштетип жатабыз.  Бадыран жана жер жемиштер. Бадыраң өсүп чыгуу мөөнөтү кассетага тигилгенден баштап, беш кундө өсүп чыгат.Түшуму 450 кг алдык.Баасы айыл ичинде 100 сомдон, ал эми башка жердегилерге 110-120 сомдон беребиз».

Айылдык кеңештин депутаты Баатырбек Шыгаев күнөскананы курууда айыл тургундарынын салымы чоң болгонун белгиледи:

«Күнөскана салуу идеясы окуучуларды тамак-аш менен камсыз кылуу үчүн келип чыкты. Кумтөр тарабынан да ,каржыланып келип чыкты.Акча каражатын Кумтор Абеддин пайдасы көөбүрөөк тийди. Кумтөр күнөскананы каржылап жатканда10% өздүк катары жасагыла деп айтат экен. Айыл менен бирге фундаментин каздык,ташын алып барып бердик,кумун түшүрдүк,суусун киргизип бердик.Албетте айыл менен бирге өздүк салым жасадык».

Сатып алуучу Ирина Бакаева бадыраңдардын сапаты жана даамы абдан жакшы дейт:

«Мен ушул айылдын тургуну болом. Мектепте мугалим болуп иштейм Бакаева Ирина мектепте математик болуп иштейм. Биздеги бадыраңдын сапаты аябай жакшы. Жаңы-жылда да алып жедик.Улам конок тоскон сайын алып турдук. Экологиялык жактан таза жана абдан даамдуу экен. Биздин айылдагы бадыраңдын жана базардагы бадыраң менен айырмачылыктары бар албетте. Базардагы бадыраңдардын даамы жок, супсак. Чын эле биздин бадыраңдар жакшы экен. Мен өзүм алып жатып кирип да көрдүм.Чын эле алар тооктун бокторун пайдаланышып башкача айтканда семирткич катары пайдаланышат экен.Ошонусу мага абдан жакты. Мисалы үчүн мен Бөкөнбайдагы базарына барсам биздин эле бадыраңды 160 сомдон сатып жатышыптыр.Дүкөнчү мени Туура-Суулук экенимди билбей эле экологиялык жактан таза деп өз сунушун айтып кетти.Күнөскана жакшы булл жаңы ачылды, келечегида кең,1-4 класстардын түшкү тамактарына кошумча берилип атат, булл деген витамин,күнөскана да өсүп өнүшүнө менин көзүм жетет».

Даярдаган: Камиль уулу Нураалы, Сабырова Жасмина, Рустамова Медина