Ооган согушунун ардагерлери мектеп окуучулары менен жолугушту.

     Төрөбай Кулатов айыл өкмөтүндөгү Ооган согушунун ардагерлери 7 мектептин окуучулары менен жолугушуу уюштурушту. Жолугушууга 17 ардагер  Бөкөнбаев, Бекиев, Колдошов, Кудайбердиев, Айбашев ,Надиров, Баглан орто мектептерине келди. Тилебалды Айбашев атындагы орто мектептин кесиптик жамааты жана окуучулары ардагерлерди жылуу күтүп алышты.

Айбашев атындагы орто мектептин тарых мугалими Мурзабекова Күмүшай ооган согушу жөнүндө доклад окуп берди. Окуучулар ардагерлерге ыр, бийлерди, көркөм окууларды тартуулашты. Тиллебаев Марасул ардагерлердин атынан сөз сүйлөп, мектеп жамаатына ыраазычылык билдирип жана жаш өспүрүмдөргө «Билимдүү, эл үчүн кызмат кылган уул кыздардан болгула, деп сөзүн жыйынтыктады. Ардагерлер мектептерге куруу кол келбестен Кулатов  айыл өкмөтүндөгү ардагерлердин сүрөттөрү бар баннер белеке беришти. Бул белекти мектеп директору мектептин көрүнүктүү жерине илип алаарын айтып ардагерлерге ыраазычылык билдирди.  

Даярдаган: Жалалова Таңнуру