Билим сапатты көтөрүүдө кааналардын орду чоң

Ош облусунун Ноокат районундагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн Беш-Буркан орто мектебинде «Окуучулардын билим сапатын көтөрүүдө окуу кааналарынын орду» деген темада райондук семинар болуп өттү.

Семинарга Ноокат районунун билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Көчкөнбаев Осмон жана райондун батыш аймагындагы мектептердин окуу бөлүм башчылары катышышты.

Семинардын максаты Беш-Буркан орто мектептин окуу бөлүм башчысы Шарабидинова Апизанин иш тажрыйбасы жана мектептин кааналарынын жайгашуу ордулары боюнча болуп өттү. Семинардын өтүшүндө төрт мугалим сабак өтүп, кыргыз тили мугалими Жарматова класстан сырткары иш- чара көргөзүп беришти. Окуучулардын чыгармачылыгына күбө болуп, таланттуу балдардын ыр- бийлери катышуучулардын көңүлүн көтөрдү. Беш-Буркан орто мектептин директору Бөрүбаева Чынара Анарбаевна семинарга жалпы райондук билим берүү бөлүмүнөн үч киши, 32 окуу бөлүм башчылары катышты. Мектептин жаңы имараты 2018-жылдын сентябрь айынан ишке киргизилип, окуу кааналары заманбап жабдыктар менен жабдылып, окуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Семинарды катышуучулар «эң жакшы» деп баалап, Шарабидинова Апиза Ноокат райондук билим берүү бөлүмү тарабынан Грамота менен сыйланды.

Даярдаган: Жалалова Таннуру