Айымдар үчүн тренинг өткөрүлдү

50

Жамааттык ЖМКлардын Ассоциациясы “Гендердик теңчиликти жамааттык ЖМКлар аркылуу жайылтуу” долбоорунун алкагында 3 күндүк тренерлер үчүн тренинг өткөрдү.

 

Аталган тренингге өлкөнүн 7 облусунан келген 14 активист айымдар катышты.

Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар гендер жана гендердик стереотиптер, гендердик зордук-зомбулук, аялдардын укугу, гендердик теңчиликке жетүү үчүн КРнын мыйзамдары жана кодекстери менен таанышышты.

Тренингдин биринчи күнү гендерге киришүү, экинчи күнү аялдардын укугу жана мыйзамдар тууралуу кеңири маалымат берилди. Үчүнчү күнү ар бир катышуучу өз жеринде тренинг өтүү үчүн план жана программасын иштеп чыгышты. Шарт боюнча ар бир активист айым 10 аялга тренинг өтүп билимдери менен бөлүшүүсү керек.