23-февралда жигиттер арасында сынак болуп өттү

Төрөбай Кулатов айыл өкмөтүндөгү Тилебалды Айбашев атындагы орто мектебинде 23-февраль  Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө карата 8-9-10-11-класстардын  жигиттеринин  арасында таймаш болуп өттү. Таймашка  катышкан жигиттер конкурстун талаптарына  ылайык  даярданышып, таланттарын окуучуларга, мугалимдерге жана ата-энелерге тартуулашты.

Сынактын талаптары 8 этап боюнча өткөрүлдү. Катышуучулардын арасынан 1-2-3-орунду ээлеген окуучуларга мектеп тарабынан грамота  жана кызыктыруучу сыйлыктар берилди. Тилебалды Айбашев атындагы орто мектептин уюштуруучу мугалими Арыкова Бурул «Мырза жигит» сынагынын максаты боюнча ой бөлүшүп кетти. «Бул иш-чара мектеп ичинде жылына өткөрүү салтка айланып калган. Балдарды  мекенчилдикке, ыймандуулукка, патриоттуулукка, эли жерин сүйүүгө, Ата-Мекенди коргоого тарбиялоо максатында уюштурулат. Конкурска өнөрлүү, шыктуу, күчтүү, билимдүү балдар күч сынашты. Бул иш-чараны окуучулар чыдамсыздык менен күтүшөт жана жогорку деңгээлде даярданышат».

«Мырза жигит  2019» сынагынын  жеңүүчүсү болуп 11-класстын окуучусу Алимов Султан аныкталып, 2-орунду Кудайберди уулу Келдибек, 3- орунду Камчиев Илгизар камсыз кылды.

Даярдаган: Алимов Султан