Сүлүктүдөгү гимназияда врач сабак өтүп берди

103

 Сүлүктү шаарындагы №9-гимназияда, Сүлүктү шаардык оорууканасынын хирургия бөлүмүнүн башчысы Кучаров Акпарали Акжолович «Алгачкы медициналык жардам» темасы боюнча бүтүрүүчү класстын окуучуларына сабак өтүп берди.  

 «Мен запастагы офицер болгонум менен аскерге чейинки даярдык сабагы боюнча биринчи медициналык жардам темасын өткөнүмдө, сабакты жеткире түшүндүрө албай калганымды сезип, директорубуз Базаргүл Рустамовага кайрылганымда, мага бул теманы өтүүдө врачтардын тажрыйбасын пайдалануу боюнча кеңеш берди. Ошондуктан, Сүлүктү шаардык ооруканасынын башкы врачы Асат Ибрагимовго жардамга кайрылдым. Асат Арзыбаевич, менин суранычымды колдоп, жаш болсо да баш болуп, хирургия бөлүмүн жетектеп жаткан врач Акпарали Кучаровду сабак өтүп берүүгө жөнөттү. Чындыгында эле Акпарали Акжолович учур талабына ылайык келген багытта, өзгөчө эң көп катталып жаткан, жол кыргысына кабылгандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча билим тажрыйбасынан бөлүштү. Белгилей кетсек, мурда кан токтотуу үчүн жарааттын өйдө жагынан таңып келсек, заманбап медицинада жарааттын өзүнөн токтотуу ыкмасы колдонуп жаткандыгын түшүндүрүп, мисал менен көрсөтүп да берди. Сабак максаттуу болду»,- дейт гимназиянын мугалими Бакытбек Сапаркулов.    «Сабак өзгөчө пайдалуу болду, врачтын мисал менен көрсөтүп бергени, өмүр бою эсимде калды, көп нерсени үйрөндүм»,- дейт 11 класстын гимназисти Адилет Канатбеков.     «Медициналык академияга окуймун деп даярданып жүргөндүгүмдөн улам, сабактын соңунда, суроо-жооп болгондо, Акпарали Кучаровдон көптөгөн баалуу кеңештерди алдым»,- дейт 11-класстагы Аймончок Элмуратова.   Даярдаган: Айзада Эркинова