Сүрөтбаян: «Жомоктор дүйнөсүнө саякат»

14-февралда Ооган-Талаа айылынын бөбөктөрү үчүн кубанычтуу күн болду.

Мектепке Бишкек шаарынан куурчак театры келип, көңүлдүү маанай тартуулады.

Театрда бөбөктөр сүйүп көргөн мультфильм каармандары «Дени сак болууну үйрөнөбүз» аттуу жомок көрсөтүштү.

Хамразбеков Нуртилек- «Бүгүн биз аябай сонун, пайдалуу оюн-зоокту көрдүк. Өзгөчө бөбөктөр мультфильмдеги каармандарды көргөндө аябай кубанышты, андан соң биз алар менен сүрөткө түштүк. Бул күн эсте калаарлык күн болду.»

Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ