Сумбулада жаңы чыккан мыйзам кодекстери элге түшүндүрүлүүдө

Сумбула айыл өкмөтүнүн айыл кыштактарында Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндөгү Кодекси жергиликтүү калкка түшүндүрүлүп, айыл кыштактарда жергиликтүү тургундар менен атайын жыйындар өткөрүлүүдө.Бул тууралуу Сумбула айыл Өкмөтүнүн жооптуу катчысы Абдураим Жороев билдиришинче, КР нын бузуулар жөнүндөгү Кодексинин башка мыйзамдардан өзгөчөлүгү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бузуулар боюнча Кодексти аткарууда ыйгарым укуктарды берген. Бузуулар боюнча Айыл Өкмөттө атайын жобо кабыл алынып, бузуулар боюнча иштерди кароого атайын комиссия түзүлгөн.

Даярдаган: Данияр Исакбаев