Сүрөтбаян: Кышкы оюн-2019

Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинин 8-11-класстары үчүн «Кыш оюн-2019» спорттук оюну болуп өттү.

Спорттук оюнда чана тартмай, эстафеталык чуркоо, турникте тартынуу, аркан тартмай болду.

Оюнду дене тарбия мугалимдери Эгембердиев Хасан, Хусан, Шакиров Асан уюштуруп, өткөрүштү. Окуучулар кызыгып, шаңдуу ойношту.

«Кышкы оюн-2019″спорттук оюнда биринчи орун 9- б классы, экинчи орунду 10-класс, 3-орунду 8-б класстары алышты.

Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ