Сүлүктүдө мергенчилер мелдеши болду

140

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында 10- февралда мергенчилер жамаатынын турнири болуп өттү.  Турнирдин уюштуруучулары ардагер мергенчилер: Ормошев Ибрагим, Эргешов Жума. Карабаев Медер болушту. Турнирдин негизги демөөрчүсү Карабаев Лепес Ажы болду.  Тарелка атыш боюнча жана ошондой эле жака ок менен мишень атыш боюнча биринчи орунду Халбеков Абдикарим биринчи орунду алып 4 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болду.   Экинчи орунду ээлеген Карабаев Абдилла. Үчүнчү орунду ээлеген Токтогулов Толкунбек.           Даярдаган: Бакытбек Сапаркулов