«Согуш мезгилиндеги поэзия»аттуу адабий кече

Аук айылындагы А.Абдырахманов атындагы орто мектебинде Советтик Армиянын Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 30 жылдыгына карата орус тили жана адабияты мугалими Айнура Ашимова «Согуш мезгилиндеги поэзия» аттуу адабий, музыкалык кече өттү.

Кече Ооган согушунда курман болгон жоокерлерге арналды.

Адабий кечени 11-классынын окуучулары, өтүлгөн темадагы согуш мезгилиндеги поэзия боюнча эң жакшы аткарышты.

«Бүгүнкү Советтик Армиянын жоокерлерин Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 30 жылдыгына арналган адабий кече эң мыкты өттү. Согуш мезгилиндеги поэзия, ырлар, бийлер аткарылды. Окуучулар активдүү, көрүүчүлөргө да аябай кызыктуу болду»-деп билдирди ушул мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Калбутаева Бүсайра.

Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ