Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көмөк көрсөтүүчү семинар уюштурулду

100

Тогуз-Торо райондук администрациясынын жыйындар залында райондун аярлуу, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү максатында семинар өткөрүлдү.

Бул тууралуу Тогуз-Торо райондук администрациясынын инвестиция боюнча адиси Мейманбек Байманбет уулу билдирди.

Кыргыз Республикасынын БУУнун Дүйнөлүк Азык-түлүк программасынын мониторинг боюнча адиси Майрамбек Сартбаев өткөрүп, суроо жооптор берилип, маалымат жеткирилди. Ар бир айыл аймак башчылары даярдап келген долбоорлору тууралуу маалымат берип, сунушташты.

Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болотбек Иманбердиев: “Аталган долбоор биз менен аябай жакшы иштештик. Негизи, канализация таза суу, санитардык талапка жооп берсе, мектептерди колдошот. Райондогу 5 мектеп азык-түлүк программасынын алкагында 1166 бала ысык тамак менен камсыз болуп келе жатат”,-деп оюн айтты.

БУУнун Дүйнөлүк Азык-түлүк программасынын мониторинг боюнча адиси Майрамбек Сартбаев төмөнкүлөрдү баса белгилеп өттү:“Негизи биз ӨКМ менен меморандум түзүлгөн. Ошол себептен ӨКМ сунуштаган долбоорду жана таза сууну колдойбуз”- деди Сартбаев. Семинарга Тогуз-Торо райондук администрациясынын орун басары Улан Иманбердиев, Гулжамал Султангазиева, ӨКМ, Токой чарба, каржы бөлүмү, айыл аймак башчылары, социалдык кызматкерлер катышты. Жыйынтыгында, Социалдык өнүктүрүү башкармалыгын калкты иш менен камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы Бурул Жусуповага ыраазычылык кат тапшырылды.

Белгилей кетсек, аталган долбоордун негизинде Сары-Булуң айыл аймагына караштуу жер көчкү жүрүп кетүү коркунучунда болгон “Жылан-Уюк” жана Сары-Булуң участкаларына тосмолор менен тосулуп, парктар уюштурулган. Тосмону орнотуп жаткан атуулдардын айлык-акысы азык-түлүк түрүндө таркатылган.

Даярдаган: Анара Мааметова