«Үстөл үстүндө теннис» оюну болуп өттү

15-февраль Советтик армиянын Ооганстандан чыгарылган кунүнүн 30 жылдыгына карата Баетов айылындагы Бейшеналиев атындагы орто мектебинде кыздар жана балдар арасында «Үстөл үстүндө теннис» оюну болуп өттү.

Оюндун бирден-бир максаты окуучулар арасында сергек жашоо мунөзүн калыптандыруу, ошондой эле теннис оюнун даңазалоо болуп саналат. Оюнга 8-9-10-11-класстын окуучулары катышышты.  Орун алган окуучулар грамоталар менен сыйланышты. «Оюнду өткөзүү менен биз окуучулардын ден-соолугун, ынтымагын чыңдасак болот», -дейт дене тарбия мугалими Үмөтов Азамат.

Даярдаган: Муктарова Аймырза