Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинде аккредитация өттү

Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинде 5-февраль күнү аккредитация өттү.

Тестти ЖАМУнун студенттери келип алышты. Мектепте 8-класстардан  математика, кыргыз тил, тарых, биология сабактарынан тест алышты.

«Бүгүн биздин мектепте аккредитация боюнча тест алышты. Тест өтө так, жобонун негизинде болду. Тесттик материалдарды биздин көзүбүзчө ачып, таркатып, өз убагында иштетип, кайра жыйнап алышты. Тест биз үчүн оор болгон жок. Себеби, биз дайыма тест менен ар сабактардан иштеп турабыз. Ошол себептен эч кыйналган жокпуз»,-деп билдирди 8-классынын окуучусу Бекнур Калдаров.

Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ