Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген мугалим, педагогика илимдеринин кандидаты Гапыр Мадаминовдун илимий эмгектери Баткен облусу боюнча жайылтылууда. Учурда Гапыр агай Баткен аймактык колледжинин профессор-окутуучулар жамаатына жана студенттерине автордук «Акыл Эмгегинин маданияты» программасы боюнча окуу түшүнүү жараянын жакшыртуу жөнүндө кыска мөөнөттүү курс өтүп жатат.
Буга чейин Гапыр Мадаминовдун эмгеги Ата-түрк Ала-Тоо университетинде, Ош шаары жана Ош облусу, Ыссык-Көл облусу боюнча да көптөгөн билим берүү мекемелеринде колдонулууга алынган.
«Акыл эмгегинин маданияты» программасын колдонуу менен окуучуларыбыз Эл аралык Олимпиадаларга чейин катышып гран-при жана биринчи орундарга жетишкен»,- дейт Сүлүктүдөгү №9- гимназиясынын директору Базаргүл Рустамова.
Даярдаган: Айзада Эркинова