Бакай-Ата району 2018- жылдын мыктысы болду

227

2018-жыл ичинде райондук социалдык-экономикалык өнүүгүсүнө кошкон эмгектерин эске алып, Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясы жылдын мыктыларын аныктады.

Мындан башка райондук статистиканын көрсөткүчтөрүнүн бири болгон турак жайларды өрттөн жана табыгый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу иштерин жүргүзгөн Бакай-Ата району боюнча өкүлүн атайын Ардак Грамотасы менен район башчысы сыйлады.

2018- жылында Бакай-Ата району боюнча мыкты айыл өкмөтү номинациясын III даражадагы дипломуна Миң-Булак айыл өкмөтү ээ болсо, II даражадагы диплому Акназаров айыл өкмөтүнө тапшырылды. Ал эми биринчи орунду Өзгөрүш айыл аймагы алды. Бул айыл өкмөтүнүн башчысы айым Айгуль Батырбекова.

Райондун жыйынтык коллегиясына Бишкек шаарынын кеңешинин төрагасынын орун басары Руслан Шергазиевич катышып, жылдын жыйынтыгы менен «Бакай-Ата районунун ардактуу атуулу» наамын алды.

26-декабрда Талас шаарында облустун 2018-жылы боюнча социалдык-экономикалык өнүгүшү боюнча жыйынтыктоочу коллегиясы болуп өттү. Мында Талас облусунун өнүгүүсүнө жана райондун өнүгүсүнө зор салым кошкондугу үчүн, Бакай-Ата району биринчи орун алып, Өтмө Кызыл Туусун үчүнчү ирет жеңип алды.

Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова

Сүрөттүн автору: Бообек Чүкөтаев