«Мен жана менин укугум» радиосериалы-2 бөлүм

188

Бүгүн Кыргызстанда аялдардын укуктары көпчүлүк учурда корголбойт. Көбүнчө аялдар укуктарын билбейт жана маалыматы аз. Бакай-Ата радиосунун жамааты аялдардын укутары тууралуу маалыматтык радио-сериал жаратты. Жалпысынан 5 радиосериал, ар бир серияда ар кандай тема камтылган.

Бул радиосериал Бакай-Ата жамааттык радиосунда орун алган. Биринчи бөлүмүндө Айнура аттуу каармандын билимге болгон укуктары туралуу айтылган. Ал эми экинчи бөлүмүндө жаш келиндин үй-бүлөсүндө укутары тебеленип жатканы тууралуу окүя сүрөттөлгөн.

«Мен жана менин укугум» радиосериалы Ачык коомдор Фонддорунун жана Сорос Кыргызстан фондунун жаштар YAF демилгелеринин колдоо программасынын каржылоосунун жардамы менен жазылды. Сценарий жазган — Рамис Темиралиев

Сериалды төмөндөгү шилтеме менен уксаңыздар болот.

Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова