Демократия лагеринде окуп келген Даниил «Акыл ордо» оюнун уюштурду

Кызыл-Ай айылынын так ортосунда жайгашкан Жалал Асанов атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Булдуров Даниил «Акыл Ордо»оюнун уштурду.

Класстан тышкаркы иштерди уюштуруучусу Алима:- «Даниил 2018-жылы жайда  IFES тарабынан уюштурулган «Демократия лагерине» барып, окуп келген. Ал жерде лидерлик сапатты үйрөнгөнүн, демократиялык шайлоону кантип өткөрүүнү үйрөткөнүн айткан.

Ушул демократиялык лагерден үйрөнгөндөрүн иш жүзүнө ашыруу максатында, мектепте Акыл ордо интелектуалдык оюнун уштурду»,- деп билдирди Алима.

Бүгүнкү оюнга 8-9-10-класстарынын окуучулары катышты. Окуучулар төмөндөгү тапшырмалар менен өз билимдерин сынашты.

Акыл ордо кызыктуу өткөнүн мугалимдер жана окуучулар айтып кетишти.

Даярдаган:  Камбарали кызы Гүлназ