Ооган-Талаа айылына Индиялык коноктор келди

Ооган-Талаа айылына Индиядан келген Ранджид Кумар жана Сониа айым «Фейр трейд» компаниясынын кызматкери Азиз Расулов конокко келишти.

Алардын келгенинин максаты менен ЖМКнын журналисттери маектешти.

-Саламатсызбы. Өзүңүздү тааныштырып кетсеңиз? Сиздин Ооган -Талаа айылына келүүңүздүн максаты?

— Саламатсыздарбы. Мен Борбуева Рахат «Фейр Трейддин» Орто Азиядагы түйүнүнүн жетекчисимин. Индиядан келген Ранджид Кумар жана Сониа айым Фейр Трейд компаниясынын кызматкери Азиз Расулов менен Кызыл-Үңкүр айылына бара жатабыз. «Кыргыз токой байлыгынын» директору менен жолугушуп кандай иштеп жатканы жана сертификатты улантабы, иштери кандай, кандай кошумча башка тармактар менен иштейт,  кандай көйгөйлөр бар экенин жана бизден кандай жардам керек экендигин билүү үчүн биз алар менен жолугушуу өткөрөбүз.

-Демек, сиздерге элге кандай жардам керек экенин аныктайсыздарбы?

-Ооба, биз ал жерде кандай көйгөй маселелер болсо жазып, дүйнөлүк деңгээлде өзүбуздүн Фейр Трейд түйүнүнө кат жазабыз. Кандай көйгөй болсо жардам берип, чечүү жолдорун издейбиз.

-Ал эми Ооган-Талаа айылына токтоп, мектепке кирүүгө эмне максат болду?

— Ооган-Талаа айылында жеке ишкер Субанов Нурадил мөмө жемиштерди кургатуу программасы менен иштейт. Биз ал менен жолугушуп, кургаткан продукцияларын көрдүк. Андан кийин коноктор Ооган-Талаа айылындагы мектепти көрүп, кирип кетели дешти. Мектепке кирип, окуучулар менен баарлаштык.

-Маегиңиз үчүн чоң рахмат.

Окуучулар Сони айым менен таанышып, сүрөткө түшүштү.

Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ