Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебине ыр арнаган акын эже

Акын Кундузбү Маматова Ооган-Талаа айылынын Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинин класстан тышкаркы иштердин уюштуруучусу Камбарали кызы Гүлназ социалдык тармак аркылуу ырларын окуп, ага Сатыбалды Далбаев жөнүндө ыр жазып берүүсүн өтүнүп кат жазган.  Ооган-Талаа жамааттык мультимедиа борборунун кабарчылары Камбарали кызы Гүлназ менен маектештик.

-Сиз акын Кундузбү Алимбековна менен кантип тааныштыңыз?

-Мен Кундузбү эжекени социалдык тармактар аркылуу достошуп, эжекенин ырларын окуп, аябай таасирленчүмүн. Дайыма ар бир чыгарган жаңы ырларын окуп келем.

-Сиз Сатыбалды Далбаевге арнап ыр жазып бериңиз деп кат жөнөткөн экенсиз, кандай максатта сурандыңыз?

-Сатыбалды Далбаев менен бир эле Ооган-Талаа айылы сыймыктанбастан бүткүл Кыргызстан сыймыктанат. Кыргыз тили жана адабияты мугалими Кадырова Фарида эжеке экөөбүз көркөм окуу сынагына улуу инсан, мектебибиз атын алып жүргөн Сатыбалды Далбаев жөнүндө ыр окулсун деп чечтик. Анан мен Кундузбү эжекеге кат жөнөттүм.

-Кат жөнөткөндө кандай сезимдер болду?

-Биринчи, бул ой оюма келгенде дароо эле фейсбук аркылуу эжекеме кат жаздым. Жооп береби же бербейби деп күттүм. Жарым саат өтпөй Кундузбү эжекеден кат келди. Эжеке макул болуп, ыр жазып бермек болду.

-Кундузбү эжеке канча убакытта ыр жазып берди?

— Убактысы болобу болбойбу деп күтүп жүрдүм. Бир жумага жетпей аябай мааниси терең ырды мага жөнөттү. Кундузбү эжекеге ден соолук, узун өмүр, дайыма калеми колунан түшпөсүн деп тилеймин.

Кундузбү эжекенин өтө жөнөкөй, мээримдүү экенин билдим. Мени тааныбай туруп, Базар-Коргон районунун тоо койнунда жайгашкан Ооган-Талаа айылынан келген катка жооп берип, өтүнүчүмдү кабыл алып тарыхта кала турган ыр жазып берди. Сатыбалды Далбаев мектеби үчүн чоң белек болду.

Даярдаган: Мелисбек уулу Тимурлан