Нарын шаарынын аймагында «Укук-тартип» аталышындагы рейд болуп өттү

Жакында Нарын районунун жана Нарын шаарынын аймагында  «Укук-тартип» аталышындагы рейд болуп өттү. Аталган рейддин максаты жарандардын коомдук коопсуздугун камсыз кылуу жана бузуулардын, жоруктардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу болуп саналат.

Нарын районунун акиминин орун басары Роза Жумаева, соц кызматкерлер, Нарын РИИБнин жаш өспүрүмдөр менен иштөөчү инспекциясы менен биргеликте 15 айылдарда үйлөр кыдырылып, жалпы 4690 түтүндү түздү. Ошондой эле ички жана тышкы мигранттардын балдары аныкталды. Ѳспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын  жана аймактык милициянын лейтенанты Батырбек кызы Бурул: «Жарандарга жана окуучуларга жаңы кодекстерди, жаңы мыйзамдарды түшүндүрүү иштери Нарын районунун бардык айылдарында график боюнча жүргүзүлөт», -деди.