Ак-Талаалык мекеме кызматкерлер волейбол ойношту

2-февралда мекеме кызматкерлери арасында волейбол оюну болуп өттү. Бул оюндун максаты мекеме кызматкерлеринин ынтымагын бекемдөө жана ден-соолукту чыңдоо болуп эсептелет. Оюнда 7 команда күч сынашышты. Биринчи орунду Бейшеналиев атындагы орто мектебинин командасы, экинчи орунду Терек айылынын командасы, үчүнчү орунду «Алтын муун- наристе» бала бакчасынын командасы жеңип алышып, акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Бейшеналиев атындагы орто мектебинин командасынын мүчөсү Гүлжаз Капарбекова: «Оюн абдан кызыктуу өттү. 7 команда катышып, үчөөнү жеңип, биз финалга чыктык. Финалда Терек айылы менен күч сынаштык», -деп билдирди.

Даярдаган: Жумакадырова Мөөркан