Базар-Коргон районунда «Келгиле окуйбуз»долбоорунун окуусу аяктады

ЮСАИДдин «Келгиле окуйбуз» долбооруна Базар-Коргон районунан 33 мектеп тартылды.

Мектеп директорлору, окуу бөлүм башчылары, китепканачылар жана башталгыч класстардын мугалимдери 72 сааттык өлчөмдө 2 жылга жакын Базар-Коргон районундагы Атабекова гимназия иновациялык мектебинде окутушту.

Долбоордун материалдарын улуттук тренерлер окутуп жатышты.

Түштүк регионунун координатору Самара Юлдашевага Базар-Коргон районунун мугалимдери ыраазычылык билдиришти.

«Окуучунун окуу көндүмүн өстүргөн бул долбоор өтө пайдалуу жана натыйжалуу болуп, өзгөчө өзбек мектептериндеги ачылган кыргыз класстарына, орус класстарына методикалык чоң жардам болуп бере алды»-деп билдирди улуттук тренер, Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн методисти Жаркын Маматова.

Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ