Таласта зомбулукка каршы акция болуп өттү

134

1- февраль күнү «Талас облустук жаштар Кеңеши» коомдук бирикмесинин борборунда “Унчукпай коюу болбойт” аталашында сүрөт көргөзмөсү жана талкуу болуп өттү.

Автор: «Талас облустук жаштар Кеңеши» коомдук бирикмеси

Талкууда жаштар, мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдарынын өкүлдөрү, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышышты. Жолугушууда уй-бүлөлүк жана балдарга карата зордук зомбулуктун чечүү жана алдын- алуу жолдору талкууланды. Бул жолугушуу Германия эл аралык кызматташтык Коому (GIZ) тарабынан каржыланып жаштардын демилгеси менен уюштурулду.

Автор:  «Талас облустук жаштар Кеңеши» коомдук бирикмеси

Сүрөт көргөзмөдө ыктыярчылардын жардамы менен атайын даярдалган үй-бүлөдөгү көрүнүштөр чагылдырылды. Зордук- зомбулук боюнча атайын даярдалган слайд-шоу көргөзүлдү. Жыйындын жыйынтыгы менен 3 айлык иш-планы даярдалып, уландысы Кара-буура жана Талас райондорунда тегерек отурум уюштурулат.

Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова