«Жаштар сергек жашоону тандайт!» аттуу таймаш

121

2019 жылдын 1- февраль күнүндө, Талас шаарынын «Байбол» музаянтчасында, жаш өспүрүмдөр арасында таймаш болуп өттү. Уюштуруу тарап Талас облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт сектору болду. Бул таймашта жалпысынан 8 мектептен 64 окучуу катышты. Мындай таймаш Талас шаарынын окуучулары үчүн биринчи жолу болуп өттү. Иш чаранын максаты — мектеп окучуулардын ортосундагы достукту, ынтымакты чыңдоо жана сергек жашоого үндөө.

Жыйынтыгында  орун Талас шаарындагы чет-тилдер багытындагы лицей-комплекс, 2 орун №2 орто мектеп, 3 орун №5 орто мектеп жеңишке жетип, уюштуруучулардын тарабынан грамота жана белектерге ээ болушту.

Даярдаган: Айжмал Кубанычбекова