Кесипкөй келин

Кара-Суу айылында ар кандай кесипке ээ болушкан, өнөрлүү жаштар көбөйө баштады, жаш келиндер, кыздар ар түрлүү кесиптерге ээ болуп, өз өнөрлөрүн эл үчүн тартуулай башташты.
Алсак, алардын бири — айыл тургуну. Айылдын келини Байысбек кызы Алия 1990-жылы, Жумгал районуна караштуу, Минкуш шаарчасында туулган. 2008-жылы орто мектепти аяктап, жогорку окуу жайга тапшырган. 2015 -жылы информатик-менеджер кесибине ээ болгон. Бирок бала кезинен тикмечиликке кызыккандыктан, азыркы убакта кийим- кечек жана ар кандай буюдарды тигип иштеп келет. Тикмечилите иштегенине 10-жылдан ашты. Жолдошу менен баш кошуп, Кара-Суу айылына 2017-жылы келген. Ошондон тартып, тикмечиликти үйдөн улантып келет. Азыркы кезде жолдошу, 2 кызы, бир уулу бар. Кара-Суу айылында ынтымактуу үй-бүлөлөрдүн бири. Айылдын тургундары Алияга келип, көйнөк, чыптама тиктиришип жана ошондой эле кийим-кечелерди реставрация жасатып жатышат.

Даярдаган: Данияр кызы Назик