Катуу суук болгондуктан окуучулар бир жума окубайт

270

Суусамыр өрөөнүндө ачык жерлерде аба ырайынын деңгээли  -40 градуска чыгып, мектеп окуучуларын эс алууга таратышты.

Суусамыр ѳрѳѳнүндѳ январь айынан баштап суук күч алып, айыл тургундарына жана окуучуларга кыйынчылыктарды алып келди. 29-январь күнү  Райондук билим берүү бөлүмүнүн чечими менен, окуучуларды таратышкан. Себеби, Суусамыр ѳрѳѳнүндѳ ачык жерлерде, абанын температурасы -40 градуска чейин кѳтѳрүлүп жатканы белгилүү болду. Окуучулар 4-февралга чейин мектепке барышпайт.

Суусамыр айылыдык метеостанциянын башчысы Даниель Сапышов мындай деди:

«Бул жыл бою эӊ суук градус -37ге чейин жетти. Биз азыр бул суук канчага жетет экендигин алдын ала биле албайбыз. Бизге муну билиш үчүн акча тѳлѳп беришсе, биз алдын ала муну билип бермекпиз. Бул суук Суусамырга кѳнүмүш нерсе, суук боло берет жана болуп келген. Мурда союз убагында сууктун градусу -33 тѳн ѳйдѳ болгондо мен справка жазып берип, анан окуучуларды таратчубуз. Суук  -32, -33 градуска жеткенде окутканга болбойт, себеби үшүк алып кетиши мүмкүн».

Бул тууралуу Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектебинин мугалими Нүргүл Алиаскарова мындай деди:

«Жылда эле ушундай суукка таратуулар болот. Кээ бир мезгилдерде -50 градуска да жеткен мезгилдер болгон. Ошондой эле суукка таратканы туура эле. Себеби, кѳп окуучулар алыс жактан келишет жана балдар келгенче үшүп кыйналышат. Каникулга тараганда окубай калган темаларыбызды  келгенден кийин кайра кошуп окуйбуз».

Сууктун катуу болушу бир гана окуучуларга гана эмес, элдерге дагы кѳп түйшүк алып келгендиги белгилүү. Айыл тургуну Нуризат Касымалиева ѳз оюн айтты:

«Балдарды таратканы жакшы эле болду. Себеби, абдан суук болуп кыйын болуп жатат. Кѳп балдар алыс жактан келишет. Сууну доз каптап балдардын сууга түшүп кеткен да күндѳрү болгон. Эгерде таратпаса балдар үшүп оорушмак».

«Суук катуу болгондуктан, үйлөргө от жаксак да жылыта албай жатат. Бир күндө 4-5 маал көмүр салып жагабыз, бирок баарыбир муздак болуп жатат,»- дейт айыл тургуну Салтанат Карыбекова.

Белгилей кетсек, Суусамыр ѳрѳѳнүндѳ беш орто мектеп бар, бардык мектептерде  4-февралга чейин окуу процесси токтотулган, бирок, мугалимдер суукка карабастан мектепке келип, план жазып, өз иштерин аткарууда.

Даярдаган: Айтеӊир Индусбекова