Маданият үйүндө кайрымдуулук концерт болуп өттү

Ак-Талаа районунун Баетов атындагы Султангазиев атындагы райондук маданият үйүндө  Баетов айылынын тургуну Жеңишгүл Оторовага жардам берүү максатында кайрымдуулук концерт болуп өттү.

Жеңишкүл Оторова тууралуу толук маалымат бул шилтемеде аркылуу таба аласыздар: http://tunukradio.kyrgyzmedia.com/?p=4396

Концертти райондук маданият үйүнүн директору Тиленбаева Атыр уюштуруп, ага Ак-Талаалык жаш ырчы, бийчилер келишти. Концерт көңүлдүү өтүп, зал толо эл болду. Ошондой эле көрүүчүлөр атайын урнага акча салып жатышты. «Кайрымдуулук концерттен чогулган акча жалпы 42 миң сомду түздү»-дейт концерттин уюштуруучусу Тиленбаева Атыр. Кеченин соңунда Жеңишкүл Оторованын туугандары аны колдоп келген элге ыраазычылыктарын билгизишти. Айта кетсек, 18-февраль күнү спорт ордосунда кыргыз эстрада жылдыздары дагы кайрымдуулук концерт тартуулашат.

   

Даярдаган: Муктарова Аймырза