Сетевой маркетинг деген эмне?

540

Дегеле биздин коомдо “сетевой маркетинг”, пирамида, ар кандай депозиттер, бат байуунун жолдорун көрсөткөн ар кандай уюмдар, жаңы терминдер, жаңы түшүнүктөр кийинки убакта өтө тездик менен өрчүүдө.

Анда эмесе жогорудагы биз үчүн чооң убадаларды берген ар кандай финансылык пирамидалар жөнүндө сөз кылалы. Чү дегенде эле баарыбызга түшүнүктүү болушу үчүн тарых таржымалынан жана алгачкы түзүлгөн схемаларынан баштайлы.

Понци схемасы

Бул: «классикалык» пирамида аны  Чарлз Понци атуу  адам ойлоп таап  Америка Кошмо Штаттарынын биринчи каржы пирамидасын түзгөн. Бул пирамиданын башка пирамидалардан айрымасы атайын түзүлгөн схема  иштейт. Маселен көп баскычтуу пирамидалардан айырмаланып жаңы кардарларды аркасынан жаздыртуу кардарларды тартууну жана  табуунун кереги жок,  себеби бул жерде жарнаманын жардамы чоң болот. Мындай пирамидаларга  жарнамадан угуп алып, жаңы кардарлар келе баштайт. Ар бир келген кардарга дивиденттер төлөнө баштайт бирок, бул пирамиданын түзүүчүсү өз кардарларын алдаганы аныктала баштаганда алар өздөрүн банкрот жарыялап, элден түшкөн каражаттарды алып көздөн кайым болушат.

Көп баскычтуу пирамида схемасы

Көп баскычтуу пирамида схемада биринчи эле талап жаңы адамдарды тартышыбыз керек жана  ар бир жаңы кардар салым акысын төлөөгө тийиш. Андан кийин  ал адамдардын аркасынан да  бир нече адамдарды чакыруу зарылдыгы айтылат. Эреже катары, чү дегенде эле канча адам тартсаң ошончолук айлык акыңдын өсүүсүнө алып келет деп билдиришет.

Бул схема биринчи келген катышуучуларга өтө тездик менен абдан чоң киреше алып келет. Бирок, канчалык тездик менен өссө ошончолук тездик менен түшүп кетет.себеби: акча салуучулардын саны геометрикалык тездик менен өйдөгө өсүүсү өтө зарыл. Бул пирамиданын тагдыры жана келечеги толугу менен кыйрап, алгачкы салым кошкондор гана акчалуу болуп, калгандары арызданып, ыйлап кала беришет а уюштуруучусу өзүн өзү банкрот жарыялап же качып жок болот.

20-кылымда дүйнөнү дүңгүрөткөн ири пирамида схемалары

Джон Ло Пирамидасы

Дүйнөдөгү эң чоң пирамидалардын бири 1716-жылы Шотландиялык Джон Ло аттуу жаран ойлоп тапкан жана ал өзүнүн схемасын Франциядан баштаган . Ал 1716-жылы ошол кездеги Франция өкмөтүнүн коргоосунун негизинде жеке менчик банк ачып, ал жерден акцияларды чыгарат. Ошол убакта өзү чыгарган акциялардын бир даанасы 500 ливрга барабар болот (ливр-Францус акчасы). Анын чыгарган акциялары өтө тездик менен баасы көтөрүлүп, 1-даана акциясы 15000 (он беш миң) ливрга чейин жеткен. Бирок салымдарын кошкон кардарлардын көпчүлүгү Джон Лонун акциялары эч кандай пайда алып келбегенин билип калышып акциясынын наркы тездик менен төмөндөп, 1720-жылы Джондук акциялары нолго барабар болгон.

 Мейдофф алдамчылык пирамида системасы

Дүйнөдөгү эң ири жана узак мөөнөткө иштеген пирамидасы болгон. Бул пирамиданын уюштуруучусу  атактуу финансист Бернард Мейдоф болгон. Ал 1960-жылы  Madoff Bernard L. Madoff LLC аттуу инвестициялык фонд түзүп, анын кирешеси 12-13% дан түшө баштаган

Эң кызыгы  Бернард ири жана белгилүү эл аралык NASDAQ  биржасынын төрагасы болгон. Ошон үчүн Бернардга көптөгөн миллионер кардарлар ишенип, 3-миллиондон ашык кардарлар ага акча каражаттарын салышкан .Бернарддын ири пирамидасынын ураар алдындагы акыркы күндөрүндө анын жүгүртүүсүндө  17 миллиард доллар болгон. Жыйынтыгында Бернардын алдамчылык системасы аныкталып, миллиондогон адамдардын акчасын алдап кеткендиги үчүн 150-жылга эркинен ажыратылган. Бул пирамида 1960-жылдан 2008-жылга чейин ишин алып барган.

Ал эми өзүбүздүн эле Орусияда ачылган белгилүү МММ – инвест пирамидасына токтоло кетели. Мавроди Сергей  башында турган  өлкөнүн ири каржы пирамидасы болгон. Ал 1989-жылдан бери эле бар болгон жана соода каржылык иш алып келген. 1992-жылы, «МММ-Invest» катары кайра каттоодон өтүп 1994-жылы акцияларын чыгара баштайт ар бир акциянын баасы 1000 рублга чейин чыгып, 4-жылдын ичинде наркы 127 эсеге өскөн. Бирок, мамлекет бул система жакшылыкка алып келбеерин байкап, МММ-аракеттерин чектей баштаган. Ошентип МММ – инвести 1997-жылы өзүн өзү банкрот деп жарыялап, аманат акчаларынын берилүүсу кан буугандай токтогон. Айта кетчи маселе Мавродий 3-4 жылдын аралыгында Россия мамлекетинин думасына да Эл өкүлу болуп шайланган. Бүгүнкү күнгө чейин аманатчылардын так саны белгисиз бойдон калууда болжолдуу аманатчылардын саны 2-миллиондон 15-миллионго чейин болгон деп айтылып жүрөт.

Финансы пирамидасын кантип аныктаса болот?

Каржы пирамидасына негизги көрүнүштөрдү көрүп. каржылык пирамида таануу төмөнкү негиздер боюнча болушу мүмкүн:

  1. Сатыла турган товардын жоктугу— жөн эле олтуруп алып, каражат табууну сунушташат.
  2. Башчысы ким экени белгисиз — Уюштуруучу ким экени белгисиз жана ал өзүн белгисиз бойдон калууну каалайт.
  3. Түшүнүксүз схема — уюштуруучу пирамидасынын же маркетингинин схемасынын жыйынтыгы кандай болот?, акчалар кайсы даталарда төлөнөт?, канткенде пайда табам деген суроолорго так жооптун жоктугу.
  4. Ири суммадагы акча каражаттарын төгүү – Бул пирамида сенин төкөн каражаттарынан жашайт деген аракет.
  5. Кирешелердин өтө тез көбөйүшү жана салган акча салымынды эки жуманын ичинде алып кетесиң- Мындай убадаларды шылуундар гана береерин унутпоо зарыл.
  6. Кирешелерге кепилдик берүү – Мындай кепилдик базар экономикасынын туруксуз болуп турган учурда кирешелерге кепилдик берүү мүмкүн эмес,
  7. Товардын кымбат баада болушу— Сизге сунушталып жаткан товардын 100 грамын 5000 сомго сунуштаса, ошол эле жазалган товардын базар баасы 1-килограмын 500- сомго алаарыңызды унутпаңыз.

Канткенде пирамидалык схемаларды алдын- алса болот?

Ар бир салымды салаардан мурун төмөндө турган бир нече суроолорду берип тактоо зарыл болот.

  1. Бул уюмдун ачык-айкындуулугу кандай? Эмненин негизинде каржы табасыңар?
  2. Уюм канча жылдан бери өз ишин жүргүзүп келет? Канча аманатчылар бар? Канча аманатчы ийгиликтүү?,  алданган аманатчылар барбы?
  3. Канчалык денгеелде салган аманаттар күйүп кетпешине кепилдиктер бар?, Эгер кандайдыр бир жагдайда салган аманаттарыңызга зыян тийсе кайра кайтарып берүүгө кандай кепилдиктер бар?
  4. Эмне үчүн баштапкы төгүлө турган акча төлөнөөрүн билүү зарыл жана Сиз төлөгөн акча каражаттары кандай жол менен коротулат? Же дагы башка нерсе барбы?-деген суроону сөссүз берүү зарыл.
  5. Акыркы 1-2 жылда кандай иштер жасалган. Мамлекеттик төлөмдөргө канча каржы төлөнгөн.

Албетте бул баардык бериле турган суроолор эмес. Мындан тышкары да көптөгөн суроолор берилиши шарт.

Урматтуу окурман, пирамидалар боюнча ар кандай кызыктуу маалыматтар жана биздин Кыргызстанда пирамидаларда иштеп кандай жыйынтыкка келгендери, эмне тапканы, өкүнгөндөрү тууралуу маалыматтар жана акча каражаттарыңыздарды төгүп алып ала албай калсаңыз эмне кылуу керек экени кийинкиде болсун.

Даярдаган: Шамиль Мурат

Сүрөттөр жана кээ бир маалыматтар интернет булактарынан алынды