Тылда тынбай эмгектенген баатыр эне

288

Мугалимдик кесипти аркалап  тим болбостон, кан күйгɵн согуш жылдары тылда тынбай кызмат ɵтɵп , сегиз баланы тарбиялап ɵстүргɵн Чодугүл  Байсалбекованын ɵрнɵктүү ɵмүрү.

«Апам  Ата-Мекендик согуш жылдарында тылда эмгектенген. Ал күндөрдү ар дайым эстеп, түшүнө кирип калганда коркуп кетээрин  айтып калчу эле «- деп кызы Шааркан Мамбеталиева  эскерип отурду.

 Согуш мезгилине туш келген жаштык

Апам  эмгек жолун 1931-жылы ɵзү туулуп ɵскɵн Кызыл-Туу айылындагы «Коммунизмге жол»аттуу колхозунда башталгыч класстын мугалими болуп,  баштаган экен.  16 жаштагы секелек кыз жаш экенине карабастан түшкɵ чейин окуучуларына билим берип, түштɵн кийин чон кишилердин кат сабатын жоюууга аркетин жумшаган. Ошентип  муундан муунга айыл балдарын тарбиялап жаткан мезгилде согуш башталган.  Бул учурда кол куушуруп олтурбастан тылда тынбай эмгектениптир. «Ошол учурда көп кыйынчылыктарды көрдүк. Эркектер жасаган жумушту дагы жасадык. Көбүнчөсү баткактарда иштедик. Оор күндөрдү баштан кечирдик, биз кɵргɵндү силер кɵрбɵгүлɵ»- деп айтаар эле.

                                     Эл эмгектен эскерсин

Эл үчүн жасаган эмгеги бааланып, 1993-жылы Ысмайыл айылындагы жаны ачылган мектепке ысымын ыйгарышты. Бул апам үчүн сыймык болду. Ошол жыйында  « Кенеш ɵкмɵтү орноп, жаны турмуш башталганга чейин сабатсыздыкты жоюуу бизге жүктɵлгɵн.  Биз аны ак ниеттүүлүк менен улан, кыздарга талыкпай билим берип, кат сабатын жоюп келсек эми мындан аркы билим булагын таанытуу, урматтуу мугалимдерге жүктɵлүп олтурат. Качан болбосун окуучуларды  ɵз балдарынардай кɵрүп, чын жүрɵктɵн  билим берсенер акыбети  сɵзсүз түрдɵ кайтат.»-деген. Апам ɵз кесибин чын дилинен сүйɵɵр эле. Мектептен кийин үйдɵгү түйшүк менен алышып анан түнкү саат  эки же үчкɵ чейин план жазат. Эртеси тан атпай жумушка кетчү. Кыскасы ɵмүрүн элге арнап ɵттү.

Чодугүл Байсалбекова  1916-жылы Сокулук районуна караштуу Кызыл_Туу айылында туулган.

 

Даярдаган:Айдай Джолчубекова