Сүлүктүдө кышкы аң уулоо жыйынтыкталды

344

 27-январь 2019-жыл Сүлүктү шаарынын мергенчилер жамааты 2018-2019 жылдагы кышкы аң уулоо сезону жабылуу аземине болуп өттү. Бул иш чарада тарелка учуруп атуу жана 50 метрден бутага атуу мелдеши болуп,   тарелка учуруп атуу боюнча биринчи орунду Эркебаев Муса, экинчи орунду Полотов Арсланбек Каримович, учунчу орунду Кушматов Узгенбай Набиевич  жеңип алды. 50 метр аралыктан жеке ок менен бута атуу боюнча биринчи орунду Карабаев Абдилла жеңип алды да мелдештин бул түрү боюнча 2- жана 3- орунга эч ким чыга алган жок.
Байгелүү орунду  алган мергендерге акчалай сыйлык тапшырылды. 
Иш чараны жергиликтүү ишкер тургундар демөөрчүлүк көрсөтүп уюштурду. Демөөрчүлөр, Калакулов Сүймөнкул, Токтогулов Толкунбек, Эшанкулов Султан, Жанкараев Артур, Туркбаев Замир, Эралиев Чынгыз, Ибрагим Уулу Рысбек.     Даярдаган:   Бакытбек Сапаркулов