Ак-Талаа районунда биринчи жолу мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн борбор ачылды

Ак-Талаа районунун Баетов айылында биринчи жолу «Кыял» деп аталган мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга колдоо көрсөтүүчү борбор ачылды. Ачылыш-азем облус башчы Аманбай Кайыпов, райондук аким Нурбек Молдокадыров жана мекеме-ишкана жетекчилердин катышуусу менен болуп өттү.

Борборду ачуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 500 миң сом бөлүнүп, үй сатылып алынган. Райондук Билим берүү бөлүмү тарабынан китептер, мекеме-ишкана  жетекчилер тарабынан керектүү буюмдар алынып келинип, окутуу иштери башталганы турат. Бул тууралуу кичи коомдук кеңештин төрайымы, Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин мугалими, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн борборду ачкан Нургул Маметова мындай деди:

«Ак-талаа районунун Баетов айылында мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга укуктук жактан жардам берүу борбору ачылды. Ал борбордун максаты мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга укутук жактан жардам берүү, чечилбеген маселеси болсо юридикалык жактан укутук маселелерин чечүү максатында ушул борборду ачтык. Баетов айылында 12 мектепке барбаган мүмкүнчүлүгү чектелген мектеп жашындагы балдар бар. Ошол балдарды колдон келишинче борборго алып келип, окутуу маселесин карап жатабыз. Эгерде эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан штат бирдиктери чечилип берилсе бул маселени да колго алалы деп турабыз».

Ал эми ачылыш-аземде облус башчы Аманбай Кайыпов мындай деп айтты:

«Биздин дагы максатыбыз ушундай биздин кичинекей бөбөктөрүбүздү коомго кошуш керек. Буларда дагы жакшы бир үмүт пайда болот, өздөрүнө дем-күч берет. Ошонун баарын бүгүн жазап жаткан биздин райондук администрациянын жетекчист аким, долбоорго катышып жаткандарга бардыгыңыздарга мен чоң ыраазычылыгымды билдирем. Азыр көрүп абдан сүйүнүп жатам».

Ошондой эле борбордун ачылышында мумкүнчүлүгү чектелген балдар апа тууралуу аккордеондун коштоосунда ыр ырдап беришти.

Даярдаган: Муктарова Аймырза