Мен жетпей калган бийиктикке кийинкилер жетсе деп кыялданам

59

Сокулук районуна караштуу Кызыл-туу айылынын тургуну Алия Шумкарбекова волейбол боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери наамына татыды. Кабарчыбыз  Алияны алган наамы менен куттуктап, кепке тартты.-Алия спорт чебери болушуңуз менен куттуктайбыз! Бул ийгиликти багындырыш үчүн кандай аракеттерди жасадыңыз?

-Рахмат! Буга чейин сүйлɵшүү аркылуу бул наамды алсам болоорун айтышты. Бирок, мен ɵз күчүм менен жетээримди  белгилеп, андай  жолдон баш тарткан элем.  Жетекчилик  аракетимди баалап сыйлыкка татыдым. Бул менин демиме- дем берип, стимул болду.-Волейболду канча жаштан бери ойноп келе жатасыз? Кызыгуу качан башталган? 

Негизи ата-энем спортко жакын кишилер. Атам  жаштайынан волейбол ойноп жүрүп кийинчерээк шартка байланыштуу таштап койгон экен. Ошондон уламбы айтор, кичине кезимден мени ɵзүбүздүн же коңшу айылда болгон волейбол боюнча мелдештерге тынбай катыштырып жүрдү. Бул тармакка келип калышыма атамдын салымы чоң болду десем болот.

-Эми курамыңар жɵнүндɵ кененирээк айтып берсеңиз? Кандай болуп бул тайпага кошулуп калдыңыз?

Буга чейин башка клубдарда ойноп келгем. Бирок, Бишкектин волейбол боюнча «Салам-Алик» кыздар командасына кошулгандан тарта ийгилик жылмая баштады. Бул жактан бир топ кыялдарымды орундаттым. Мисалы, бир нече жолу чемпион аталдык, Баку, Новосибирск шаарларына барып оюн кɵрсɵтүп келдик. Негизи командабызда 12 кыз бар, алардын жетɵɵ оюн талаасына чыгабыз.

-Алдыга койгон максаттарыңыз кандай?

Быйыл окуумду аяктайм. ϴзүм сүйгɵн кесиптин ээси болом. Максатым волейбол боюнча машыктыруучу болуп, келечекте шакирт тарбияласам анан мен жетпей калган бийиктиктерге ошолор жетсе деп кыялданам. ϴзүбүздүн айылга спорт комплекс куруп,  жаштарды дени сак жашоого үндɵсɵм дейм. Буйруса кыргыз волейболуна аз да болсо салымымды кошом деген ниеттерим бар.

Сɵз арасында Алиянын апасы Назира Мунайтпасовага суроо салганыбызда  ал кызынын жаратып жаткан ийгиликтерине кубанычын жашырган жок.

-Кызыңыздын волейбол боюнча спорт чебери болгонун укканда кандай кабыл алдыңыз?

 —Албетте, атасы экɵɵбүздɵ толкундоолор чоң болду. ϴткɵн жылы ɵкмɵт башчынын ɵз  колунан спортко кошкон салымы үчүн сыйланганда, кубанганымдан олтуруп алып ыйладым. Алия кичинесинен эле топко жакын болуп чоңойду. Атасы 7-класста окуп аткан кезде мектептеги волейбол курама командасына алып барып кошкон, ошондон бери волейболду таштаган жок. Мектепти аяктап, кесипке келгенде ойлонбой туруп,  Кыргыз мамлекеттик дене-тарбия жана спорт академиясын тандады. Башында кызымдын дарыгер, мугалим же башка кесип ээси болушун кааладым. Бирок, Алия ɵз тандоосунан баш тартпай койду. Учурда жараткан ийгиликтерин кɵрүп кубанып келе жатабыз. Кɵрсɵ, ɵзүн сүйгɵн жумушту жасасан ийгилиги болот тура. Келечектен үмүтүбүз чоң.    Маегиниздерге рахмат! Алия алдыда кɵп ийгиликтерди жарат.

Белгилей кетсек, Алия Кызыл-Туу айылындагы Саадаш Абдылдаева атындагы орто мектебин аяктаган.

Даярдаган:Айсулуу Нурматова