Майып кызын багам деп эки бөйрөгү тең соолуп калган эне жардамга муктаж

Ак-Талаа районунун тургуну Жеңишгүл Оторова 13 жаштагы майып кызын багам деп өзүнүн эки  бөйрөгү тең соолуп калган.

Жеңишгүл Баетов айылында 1984-жылы туулган. Ошол эле айылдагы адамга турмушка чыгып, бир кыздуу болушкан. Тилекке каршы кызы тубаса шал болуп төрөлгөн. Эки жылдан кийин жолдошу кызы майып туулгандыгы үчүн аны таштап, башкага баш кошуп кеткен. Жеңишгүл Оторова кызын жалгыз чоңойтуп, көтөрүп багып жүрүп, эки бөйрөгүн тең оорутуп алган. Учурда анын эки бөйрөгүн алмаштыруу үчүн Турциядан операция жасалат жана 20 миң АКШ акчасы керек болуп жатат. Азыркы учурда дарылануусуна 5500 сомдон каражат сарпталып жатат. Мындай каражатты табууга туугандарынын мүмкүнчүлүгү жок болгондугуна байланыштуу, элден жардам сурап кайрылууда. Учурда Жеңишгүл Оторовага жардам берүү үчүн Ак-Талаа районунда атайын урналар коюлуп, активисттер каражат чогултуп жатышат. Эгер жардам берем дегендер болсо, төмөндөгү даректерге каражат которо алышат РСК Банк. БИК; 129001 Р/С; 1299003510000084 же ЭЛСОМ электрондук капчыгына 0776 500 940 номери аркылуу каражат которууга болот. Байланыш номери: 0702 477 677, 0554 160 589

 

Даярдаган: Муктарова Аймырза