Баетов айылында күрөш боюнча турнир болуп өттү

Баетов айылында балдарды жаман адаттардан, кылмыштуулуктан, баңгизат жана ичкиликтен арылтуу максатында күрөш боюнча турнир болуп өттү. Алгач спортчуларга сабактар өтүлдү. Андан соң мелдеш болуп,  Нарын шаарынан 63 катышуучу жана 18 айылдан катышуучулар келишип, жалпы 120 бала мелдешке катышышты. Орун алган катышуучулар диплом менен сыйланышты.

«Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Аманкулов Канат жогорку сапаттагы 72 даана мат, 12:12 күрөш килемчесин белек кылып берди. Ак-Талаада мындай тарыхта болгон эмес. Нарын шаарынан да 3 тренер келип, сабактар өтүлүп, спортчулардын квалификациясын жогорулатуу иштери жүрдү»,- дейт «Тайлак» спорт клубунун директору Капарбеков Билимбек.

Даярдаган: Муктарова Аймырза, Гүлжаз Капарбекова