Ички иштер бөлүмүндө ачык эшиктер күнү болуп өттү

Нарын райондук ички иштер бөлүмүндө ачык эшиктер күнү болуп өттү. Буга Казан-Куйган айылындагы орто мектептин 9-10-класстарынын оуучулары катышты. Аталган жолугушууда окуучулар РИИБнин тарыхы, жетишкен ийгиликтери жана жумуштун оордугу тууралуу суроолорду беришти

Нарын РИИбнин начальниги, милициянын  подполковниги Т.К Секебаевдин айтымында ачык эшик күнү окуучуларга каникул учурунда окуучулардын бош убактыларын туура пайдалануусуна көмөктөшүү жана кылмыштуулукту алдын алуу максатында өттү. «Келечек жаштардыкы. Силерде Ата-Мекенге болгон патриоттук сезим күч болсо, мамлекеттин өнүгүшүнө, күчтүү болушуна салым кошконуңар болот. Ушул таптан баштап жакшы окуу силердин милдетиңер», -деп кошумчалады.

Ѳспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын  жана аймактык милициянын лейтенанты  Баатырбек кызы Бурул: «Мындай ачык эшиктерди ички иштер бөлүмүндө дайыма өткөрүп турабыз. Бул окуучулар арасында кылмыштуулукту алдын- алууга жардам берет»,-дейт.

Даярдаган: Муктарова Аймырза