Сүрөтбаян: Айыл элине азык- түлүк таркатылды

Кетмен-Дөбө айыл аймагында  БУУнун Дүйнөлүк Азык-Түлүк Программасынын алкагында 6 долбоор колдоого алынды. Долбоордун алкагында жумушсуз жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен биргеликте каналдарды жана арыктарды тазалоо, көпүрөлөрдү салуу иштери аткарылды.

Жалпы айыл аймагы боюнча 199 аз камсыз жана жумушсуз үй-бүлөлөргө 1112 кап ун, 6203 литр суу май таркатылды.

Даярдаган: Нурбек Мырсырайымов