Орто мектептин ашканасы заманбап жабдуулар менен жабдылды

Сумбула айыл Өкмөтүндөгү Көк-Таш айылынын Халбото Боронбаев атындагы орто мектебинин тамак берүүчү ашканасы заманбап жабдуулар менен камсыз болуп, толук кандуу ишке киргизилди.Бул тууралуу аталган мектептин директору Нурилла Кошбаковдун айтымында ашканага Мерсико эл аралык уюуму, Сумбула айыл өкмөтү жана жергиликтүү окуучулардын ата-энелери жакындан жардам көрсөтүшкөн.

«Ашкананы толук кандуу ишке киришине айыл өкмөтү 70 миң сом, эл аралык Мерсико уюму 350 миң, жергиликтүү ата-энелер 20 миң сом акча каражатын сарпташкан.»Аталган мектептин ашпозчусу Алтынай Акматованын айтуусунда жаңы эмеректердин келгендиги аткарган кызматын жеңилдеткенин айтып, бүгүнкү күндө негизги көйгөй болгон ашкананын отургуч столдорунун эскиргендигин айтты.

«Ашканабыз заманбап эмеректер менен камсыз болду. Эми айыл Өкмөттөн стол, стулдарыбызды 2019-жылдын бюджетинен бөлдүрүп, жаңы сатып алууну айыл өкмөттөн суранабыз»,- деп сөзүн жыйынтыктады.

Даярдаган: Данияр Исакбаев