Сумбулада дагы бир айыл жарыктандырылды

Сумбула айыл өкмөтүнүн Коммуна айылына айыл өкмөтүнүн жана Лейлек райондук өнүктүрүү Фондунун каржылоосу астында 245 миң сомдук түнкү жарыктандыруу долбоору ишке ашып, жергиликтүү тургундардын коопсуздугуна шарт түзүлдү. Коммуна айылынын айыл башчысы Авазбек Сегизбаевдин айтуусунда аталган долбоорго тендердик конкурс жарыяланып, 245 миң сомдук келишим түзүлгөн. Долбоордун негизинде 245 миң сомдук материалдар сатылып алынып, орнотуу иштерин салым катары аталган айылдын тургундары  орнотуу иштерин өз колдоруна алышты.

Даярдаган: Данияр Исакбаев